<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><key>C</key>
<hymn_number>109</hymn_number>
<lyrics>[V1]
.C               F            G
 Билдиңерби деги бүгүн кандай күн?
.G                              C
 Куткаруучум Ыйса Теңир келген күн,
.C                  F         G
 Күнөөкөрлөр кыйла кылым күтүшкөн,
.G                             C
 Улуу Кудай ыйык Уулун берген күн.

[V2]
 Кудай Уулу - көптөн күткөн Машайак,
 Келген бүгүн ушул жарык дүйнөгө.
 Эмануел - Кудай Өзү биз менен,
 Келди баарын жарыгына үндөөгө.

[V3]
 Нечен адам көрбөй кеткен бул күндү,
 Нечен адам укпай кеткен бул үндү.
 Нечен адам көздөн жашын тамызып,
 Кайрат менен күтүп келген бул күндү.

[V4]
 Кубан, ырда, даңкта Ыйса Теңирди!
 Ал куткарат сени, мени, элимди.
 Келгин дагы, кечирим ал Ыйсадан,
 Кызматына бекем буугун белиңди.</lyrics>
<title>Билдиңерби деги бүгүн кандай күн? РЫЖ109</title>
</song>